Ош облусундагы куткаруу отрядында окуучулар үчүн Ачык эшиктер күнү өттү





Ош облусундагы куткаруу отрядында окуучулар үчүн Ачык эшиктер күнү өттү. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ачык эшиктер күнүндө куткаруучулар химиялык объектидеги кырсыкка кабылгандарды куткаруу, көп кабаттуу үйдөгү жабыркаган жарандарды алып түшүү жана жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам берүү сыяктуу көнүгүүлөрдү көрсөтүштү. Ал эми окуучулар куткаруучулардын жашоо шарты, ар кандай кырсыктарга даярдыгы менен таанышып, айрым көнүгүүлөрдү аткарууга да катышып көрүштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.