super.kg logo

Миңдеген айдоочулардын кыжырын келтирген унаа тыгындары

 
КРнын Айдоочулар союзунун төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов.
Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов.
ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов.
Күн сайын Бишкек шаарында 350 миңден ашуун унаа жолго чыгат. Кудайдын куттуу күнү унаа тыгындарына туш боло берип, ал көнүмүш адатка айлангандай. Мындай көрүнүшкө эртең менен жумушка баратканда да, шашкалактап үйгө келатканда да туш болобуз. Айрым унаа тыгындары 5-10 мүнөткө созулса, чет өлкөдөн чоңдор келген учурларда айдоочуларга бир катар ыңгайсыздыктар жаралууда. Бул сыяктуу көрүнүш борбор калаадагы көчөлөрдө акыркы 5-6 жылдан бери күч алганы байкалат, себеби бул жылдар аралыгында чет өлкөдөн алынып келген унаалардын саны кескин өскөн. Ал эми айрым серепчилердин айтымында, унаа тыгындарынын негизги себеби руль башкарган айдоочулардын маданиятынын төмөндүгү болууда.    
"Учурда Бишкек шаарында катталган унаалардын саны 1 миллиондон ашты. Ал эми СССР доорунда салынган көчөлөр мынча унаага ылайыкталган эмес. Муну, албетте, шаардык мэриянын тиешелүү түзүмдөрү көзөмөлдөшү керек эле. Унаа тыгындарын жоюу максатында айланма жолдорду куруу зарыл. Мисалы, менин байкашымча, акыркы жылдары курулган Түштүк магистралында унаа тыгындары болбойт, башка борбордук көчөлөрдөгүдөй болуп жол кырсыктары да көп катталбайт. Борбордук көчөлөрдөгү унаа тыгындарды ушундай айланма жолдорду куруу менен гана чече алабыз. Москва көчөсүндө унаалар бир багытта гана жүрөт, менимче, Бөкөнбаев көчөсүнөн унаалар каршы багытта гана жүргөндөй кылып койсо жакшы болмок. Ошондой эле Ахунбаев жана Горький көчөлөрүн да бир багытта гана жүрө тургандай кылып койсо, унаа тыгындары өзүнөн өзү жок болмок",- дейт кыргыз өлкөсүндөгү Айдоочулар союзунун төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов. 
Ал эми Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыкановдун айтымына караганда, унаа тыгындарынын негизги себеби - борбордогу унаа токтотуучу жайлардын жоктугу.  
"Бүгүнкү күндө борбордо транспорттук каражаттардын саны көбөйдү. Ага байланыштуу унаа тыгындары да кадимки көрүнүшкө айланып баратат. Өзгөчө мындай көрүнүштөр ири базарлардын айланасында жана борбордук көчөлөрдө орун алууда. Шаар ичинде жалпы 400 миңден ашуун унаа катталганы менен, күнүгө өлкөнүн жети дубанынан келип кеткен айдоочулар да бар. Эң биринчи маселе катары азыр унаа токтотуучу жайлардын санын көбөйтүү жана жолдорду кеңейтүү маселеси каралууда. Андан сырткары бир багытта каттоочу кичи автобус, троллейбус сыяктуу транспорттук каражаттардын санын кыскартуу сунуштары да бар. Унаа тыгындарын жоюу үчүн бир катар комплекстүү маселелерди чечүү керек. Алар чечилмейинче иш ордунан жылбайт",- дейт Н.Атыканов. 
Белгилүү болгондой, жыл башынан бери борбор калаада унаа тыгындарын жоюу максатында Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы тарабынан да бир катар иш-чаралар жүрүүдө. Өткөн айда бир айлык жарыяланып, жакында эле жыйынтыкталганы маалым. Ал эми унаа тыгындарын жоюу тууралуу ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов төмөнкүлөрдү айтып берди: 
"Унаа каттоо департаментинде катталган унаалардын саны 1 миллиондон ашкан. Орто эсеп менен күнүгө шаардын көчөлөрүнө 350 миңден ашуун унаа чыгат. Ал эми 1970-жылдары борбордун инфраструктурасын түзүү маалында көчөлөр 40 миң унаага гана ылайыкталып курулган. Бүгүнкү күндө катталган унаалардын саны 400 миңден ашуун болууда. Биздин кызматкерлер тарабынан унаа тыгындарын жоюу максатында бир катар иш-чаралар жүрүп жатат. Учурда борбордо туура эмес жерлерге токтотулган унааларды айып пул төлөөчү жайга ташуучу 2 унаа иштөөдө. Күнүгө орто эсеп менен 20га жакын унаа айып пул төлөөчү жайга алынып келет. Андан сырткары күнүгө жол эрежелерин бузган 700-800дөй айдоочуга административдик протоколдор түзүлүүдө"
Пландалган иш-чаралар, унаа токтотуучу жайлар жана айланма жолдор жакынкы жылдарда курулуп, борбордогу унаа тыгындары жоюлат деп ишене туралы. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
17.03.2015. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кичи автобустарды жоготсо эле баары онолот эле.Жол кырсыктары, тартип бузуулар жалан ушулардын кесепети. Жол эреже дегенди уруп да коюшпайт, башка айдоочуларды сыйлоо деген ноль. Бир киши алам деп эки линияны тебелеп кирип барат.Кыскасы тоодон жаны тушкон жапандардай эле почти баардыгы.Баардык жерде тыгын кылган да ушулар.Буларды ГАИси да кормоксон. Кекиртегине тыга берип же достошконбу
18.03.2015. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
st1m_, туура айтасың, астановканы да билишпейт, светофордо да жөн турбай киши салып түшүрө беришет.
Бишкекте жалаң автобуздар болсо жана толька астановкадан эле токтошсо пробка аябай эле азаймак.
Ошский рыноктогу астановкага сөз жок, бири бирин кысып өлүшөт
17.03.2015. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чын эле Ош базарга барып келиш жаман проблема го.маршурткада жон эле жарым саат отурасын да.Ой,кайдагы отурган тыгылып турасын)))
17.03.2015. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
SULUU-KYZ, Ошентип балдар менен таанышасында маршруткада))
18.03.2015. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир эле соз,бийликтин конул кош иштеп жаткандыгы бул. Кочодо тыгын болот деп карапайым калк эмне жоо журусу керекпи? Уурдап албаса бекер албаса астындагы автосун,арбир адам автосунун алганга жараша кызыгын копуу керек кызматын коруу керек. Окумот ушундай иштердин алдын алуусу керек кандайдыр бир план жэ схема тузуп,ошол планды конул кош карабастан ишке ашыруу керек. Бул жерде карапайым калкты куноологондой болуп калыптыр,тыгын жаратып гедергисин тийгизип жатат маршруткаларды,жонго салчуулар кимд
jumaijanym түзөттү 18.03.2015 00:18
18.03.2015. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдоо маданиятынын томондугу, машиналарыбызды туш келген жерге эле 2-3 катар кылып токтото салуу дагы тыгындардын негизги себеби.
18.03.2015. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Таксилер турат светофордун түбүнө чейин тизилип, машиналар өтө албай жатат тыгынды жаратып, тим эле чоң грейдер, же танк менен тебелеп кеткин келет, знакты урганы жок, караган кызмат жок. Маршрутканы айтпай эле койойун, арам өлгүлө деп кете берем.
18.03.2015. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chalkan,кыйын бала екенсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: