"Спорт Ордосунда жарылуучу зат катылган" деген маалыматты билдирген жаран табыла элек



"Спорт
Ордосунда жарылуучу зат катылган" деген маалыматты билдирген жаранды издөө
иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына
УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов билдирди.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Интернеттен алынды
“14-март күнү 102 кызматына Спорт Ордосунда мелдеш өтүп жаткан учурда "жарылуучу зат катылган" деген маалыматты билдирген жарандын өздүгүн аныктоо иштери жүрүүдө. Ал борбордон уюлдук телефондон жашырылган номер аркылуу чалганы аныкталды. Азыркы тапта аны издөө боюнча ыкчам иликтөө иштери уланып, ага бардык тиешелүү мекемелер тартылган”,- деди Р.Сулайманов.
Эске салсак, 14-март күнү "жарылуучу зат катылган" деген маалыматтан улам Спорт Ордосунда өтчү мелдеш 15-мартка саат 18:00гө жылдырылып, чогулган эл зорго таратылган эле. Мелдешти көрүү үчүн келген күйөрмандар 2,5 саат убакыт сыртта күтүп турушуп, андан соң милиция кызматкерлери алардан тарап кетүүнү суранышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Beki035

18.03.2015. 10:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аракет кылбай эле коюшбайбы бари бир таба алышпайт
myshka406

18.03.2015. 10:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Beki035, табылбай эле койсо экен.
Bakulya79

18.03.2015. 12:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде тапкан эмес таппайт дагы .
azat_sokrat

18.03.2015. 12:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге табал албайт?!табат мындай окуя бишкек паркта да катталды эмес беле аны таптыго!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.