super.kg logo
  Саясат  

Индия, Грузия, АКШ, Түркиянын жаштары Жогорку Кеңеш менен таанышышты

 
Бишкекте 19-мартта Эл аралык тил жана маданият фестивалы өтөт. Ага катышууга келген чет мамлекеттин жаштары 17-мартта кыргыз парламентинде болуп, депутат Роза Акназарова менен жолугушту. Депутат башкаруунун парламенттик-президенттик формасы, Жогорку Кеңештин жана анын комитеттери менен фракцияларынын иши тууралуу маалымат берди. Айта кетсек, аталган фестивалга катышуу үчүн Беларусь, Тажикстан, Грузия, Монголия, Танзания, Косово, Румыния, Филиппин, Индия, АКШ, Орусия, Түркия жана башка өлкөлөрдөн жаш активисттер келген. Жаштар тобу жолугушуудан кийин Жогорку Кеңештин имаратына экскурсия жасаганын парламенттин маалымат кызматы билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: