super.kg logo
  Саясат  

Курсан Асанов: "Мектеп имараттарында курал сатууга тыюу салууда эч кимдин жеке кызыкчылыгы жок"

 
Бүгүн, 18-мартта парламентте мектеп, оорукана, коомдук тамактануучу жайлардын жана башка социалдык мекемелердин аймагында курал сатууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралууда.
Талкууда ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Бишкектеги мектептердин биринин аймагында курал сатуучу жайды ачууга лицензияны ИИМдин кайсы органы бергенин айта алган жок. "Бул боюнча иликтөө жүргүзүү керек. Курал сатуучу дүкөн ачуу боюнча лицензияны ИИМ берет. Ал эми анын кайсы жерде жайгашарын жергиликтүү бийлик чечет. Аталган мыйзам кабыл алынган соң өлкөдөгү бир эле дүкөн жабылат. Бирок мындан ары социалдык мекемелерде курал сатуучу жай ачууга тыюу салынат. Бул демилгенин артында эч кимдин жеке кызыкчылыгы жок",- деди Асанов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: