super.kg logo
  Саясат  

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги чет элдик жарандарга маалым кат берүүнү токтотот

 
Бишкекте 16-мартта Тышкы иштер министрлиги, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана Мамлекеттик каттоо кызматынын тийиштүү органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү. Анда кыргыз мамлекетинде иштөөгө уруксаты бар чет өлкөлүк жарандарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн өлкөдө каттоо маселеси талкууланды. "Эмгектенген бардык мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө" эл аралык конвенциянын таасири тийчү чет элдик жарандардын маселеси каралды. 
Жыйында Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги кыргыз мамлекетинде ишке орношууга уруксаты бар чет элдик жарандардын же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өздүгүн аныктай турган орган эмес экендиги айтылды. Буга байланыштуу аталган министрлик жогоруда белгиленген категориядагы жарандарга маалым кат берүүнү токтото турганы айтылды. Буга чейин маалым кат жумуш берүүчүнүн арызынын негизинде акысыз берилип келгенин билдирет министрликтин басма сөз кызматы. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: