Өлкөдө 2 жылдан бери Даун илдетине чалдыккан балдарга колдоо көрсөтүүгө багытталган долбоор иштеп келет
Кыргыз Республикасында биринчи жолу Даун илдети менен ооруган балдар үчүн бала бакча ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-март күнү маалымат жыйынында "Жакшылыктын нуру" коомдук бирикмесинин мүчөсү болгон Наталья Королева билдирди. Анын айтымында, жеке бала бакчанын түзүмүндө инклюзивдүү топ ачылды.
Автор: Наргиза Бекжанова
Фото: Наргиза Бекжанова
"Топто 28 бала тарбияланып жатат, алардын жыйырмасынын ден соолугу чың болсо, калган сегиз бала Даун синдрому бар наристелер. Бул долбоор 2 жылдан бери иштеп келет. Бул убакыттан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 100 пайызынын өнүгүүсүндө жылыш байкалган",- деди Даун илдети менен ооруган баланын энеси.
Маалымат үчүн: Даун синдрому бар адамдар башкалардан хромосомалардын саны менен айырмаланышат. Кадыресе адамдарда 46 даана хромосома болсо, аларда 47 хромосома бар. Алгачкы жолу бул илдетти 1866-жылы англиялык дарыгер Жон Даун аныктаган. Ошондон бери бул синдром анын атын алып жүрөт. Ал эми Даун менен жабыркаган адамдардын биринчи эл аралык күнү 2006-жылдын 21-мартында белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
22:29
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















