super.kg logo

Дүйнөдө ар бир 700-наристе Даун синдрому менен төрөлөт

 
Дүйнөдө ар бир 700 наристенин бири Даун илдети менен төрөлөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-март күнү маалымат жыйынында "Жакшылыктын нуру" коомдук бирикмесинин мүчөсү Марина Зубова билдирди. Анын айтымында, Даун балдары ата-эненин ден соолугунан көз каранды болбойт. Бул кайталанып пайда болуп турчу генетикалык оору.
"Мындай наристелердин төрөлүшүнө ата-энелер өздөрүн күнөөлөбөй эле коюшса болот. Бул нерсенин келип чыгышын түшүндүрүү кыйын, бирок аракетти токтотуу туура эмес. Анткени Даун балдарынын келечекте иштеп кетүүсү толук мүмкүн. Алар, мисалы, короо шыпырып, башка жөнөкөй адамдар уялып иштегиси келбеген жумуштарга жөн эле барышат. Аларга айлыктын көлөмү өтө маанилүү эмес, мындай адамдар башкалар сыяктуу иштеп жаткандарына сүйүнүшөт.
Айта кетсек, былтыркы статистикага ылайык, Кыргыз Республикасында жалпысынан 2500дөн ашык Даун илдети менен ооруган жаран бар",- дейт Зубова. 

Маалымат үчүн: Даун синдрому бар адамдар башкалардан хромосомалардын саны менен айырмаланышат. Кадыресе адамдарда 46 даана хромосома болсо, аларда 47 хромосома бар. Алгачкы жолу бул илдетти 1866-жылы англиялык дарыгер Жон Даун аныктаган. Ошондон бери бул синдром анын атын алып жүрөт. Ал эми Даун менен жабыркаган адамдардын биринчи эл аралык күнү 2006-жылдын 21-мартында белгиленген. 

Даун оорусуна кабылгандар көп учурда жүрөк оорусуна чалдыгып (жаш балдар тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлөт), эске тутуму начар болот. Даун синдрому менен туулган балдардын иммунитети начар болгондуктан, көп ооруларга туруштук бере алышпайт. Алардын катарында өпкө оорулары жана тамак сиңирүү боюнча маселелер да бар. Бул илдет менен жабыркаган адамдар орто эсеп менен 45-50 жашка чейин гана жашашат. Мындай дартка кабылган эркектер тукумсуз болушса, аялдардын айызы көп келет. Аялдардын 50 пайызы төрөй алышпайт, эгер төрөсө, баласында да Даун синдрому бар болот же ымыркай кандайдыр бир кемтик менен төрөлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
18.03.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даун синдрому деген эмне. Маалымат берип коюнуздарчы admin.super.kg
18.03.2015. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beka.darysuu, саламатсызбы! Аракет кылабыз.
18.03.2015. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да боюмдагы дауна болуп выкидыш болгом. Бул кандай оору? Супер инфо ушул жонундо Кенен маалымат берсениздер.отуном
19.03.2015. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lusi2013, саламатсызбы!
Кенен маалымат бергенге аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: