super.kg logo
  Саясат  

Зарылбек Рысалиев: "Болот Шердин 7-апрелдеги талап-тоноого катыштыгы тууралуу эч нерсе айта албайм"

 

Бүгүн, 13-февралдагы ЖКнын жыйынында депутат Болот Шер мурдагы Ички иштер министри, учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевге "7-апрелдеги талап-тоноочулукка менин катыштыгым бар экендигине ишенесизби?" деп суроо берди. Буга жооп кылган Рысалиев “бул суроону мага жыйырма жолу бердиңиз, сиз тууралуу эч нерсе айта албайм. Бирок билем, ал убакта ден соолугуңуз абдан начар болчу, түшкө чейин гана иштеп, андан кийин эс алчусуз. Сизге бирөөнүн мүлкү, акча кызык эмес болчу. Ал учурда жасаган ишиңиз үчүн жооптуу эмес экендигиңизге эл аралык деңгээлдеги дарыгерлер кепил боло алышат” деди. Ал эми депутат Болот Шер “мени кемсинтип жатасыз, эгер менин ден соолугум өтө жаман болсо, бул жерде депутат болуп отурбайт элем" деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: