Бишкектеги жол кырсыгынан жолдон өтүп бараткан адам жаракат алды
Бишкек шаарында катталган жол кырсыгынан жолдо өтүп бараткан жөө жүрүүчү жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ саат 21:30дар чамасында болгон. Анда БМВ үлгүсүндөгү унаанын 21 жаштагы айдоочусу Киев көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө бурулганда Мерседес үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Катуу соккудан БМВ үлгүсүндөгү унаа жолдон өтүп бараткан жөө жүрүүчүнү да сүзүп кеткен. Натыйжада жөө адам башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүп, соттук-медициналык жана техникалык экспертизалар дайындалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.