super.kg logo
  Саясат  

Исмаил Исаков Улуттук статистика комитетин "туура маалымат бербейт" деп сындады

 

Бүгүн, 18-мартта парламент жыйынында депутат Исмаил Исаков Улуттук статистика комитетинин ишмердүүлүгүн сынга алды. Депутат аталган комитеттин төрагасы Акылбек Осмоналиевге кайрылып: "Качан туура маалымат бере баштайсыңар? Өкмөт эмне десе, ошону жазасыңар. Өлкө боюнча керектөө куржунунун минималдык өлчөмү канча? Муну так эсептеп чыккыла",- деди Исаков.

Осмоналиев комитет өкмөткө статистикалык маалыматтарды берерин билдирди. "Биздин эсептөө методикабыз дүйнөлүк стандартка жооп берет. Жогорку Кеңешке, өкмөткө жана коомчулукка маалыматтарды ылдам берүүгө аракет кылып жатабыз. Ал эми минималдык керектөө куржунунун өлчөмү 2014-жылдын 4-кварталына карата 5 миң сомдун тегерегинде",- деди Осмоналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: