Кыргыз жеринде жылына 27 100 сом киреше таппаган адам жакыр деп эсептелет

Кыргыз мамлекетинде калктын 37 пайызы жакырчылыкта жашайт. Муну парламенттин 18-марттагы жыйынында Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, өлкөдө өтө жакыр жашагандар калктын 2,8 пайызын түзөт. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат берген Осмоналиев: "Бир адамдын жылдык кирешеси 16 000 сомго жетпесе, анда ал киши өтө жакыр деп эсептелет. Ал эми 1 жылдык кирешеси 27 100 сомго жетпегендер (1 айлык кирешеси 2258 сомдон ашпагандар) жакыр жашайт деп саналат",- деп билдирди.
Депутаттар Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын көбү жалган экенин, реалдуу турмуштан алынган сандар айтылбай жатканын билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

