19-мартта Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотулат

Эртең, 19-мартта оңдоо иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, темир жолдун айланасында, Фучик, Фрунзе көчөлөрү, Манас кең көчөсү, Бишкек мэриясы, Улуттук банк, "Кыял", "Ош базары", "Берекет", "Берекет Гранд", "Берекет-Универсал" жоопкерчилиги чектелген коомдорунда, "Арпа" ачык акционердик коому, №2-төрөт үйү, "Кондитердик комбинат", №3, 8, 22, 72, 164, 165, 167, 73-бала бакчалары, Балдарды коргоо борбору, Улуттук илимдер академиясы, №9, 13, 31, 8, 2-мектептер, Бишкек финансы-экономикалык академиясы, Кыргызстан эл аралык университети, Бишкек троллейбус башкармалыгы, №1-шаардык оорукана, ВЧ-4 УГПС аскердик бөлүк, Ленин райондук администрациясы, УПП-2 ОСиГ азиздер жана дүлөйлөрдү окутуу ишканасы, "Бишкек эт комбинаты", "Бишкек ун комбинаты", "Батыш РЭС", Республикалык радиотелеборбор, Ленин райондук соту, №100-лицей, Бишкек архитектура башкармалыгы, Мамлекеттик тил комиссиясынын имаратында суу басымы төмөндөйт.
“Бишкек суу-канал” башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан, мекеме-уюмдардын кызматкерлеринен кечирим сурайт жана суу толтуруп алууну суранат",- деп айтылат маалыматта.


