Кыргыз өлкөсү менен Сауд Арабиясынын ортосундагы кызматташуу боюнча мыйзам долбоору каралууда
“Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө башкы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында каралды.
Макулдашуунун негизги максаты - соода-экономикалык, инвестициялык, билим берүү, илимий-технологиялык, маданий, маалыматтык, туристтик, жаштар менен иштөө жана спорттук чөйрөлөрдө эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү.
Талкууда эки өлкөнүн ортосундагы байланыштар боюнча маалымат берилип, алкактык документ зарылдыгы жаралгандыктан улам ушундай мыйзам долбоору сунушталганы айтылды. Ратификациялык мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

