super.kg logo

Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Жеңиш майрамына карата 70 түп балаты отургузушту

 

Бүгүн, 18-мартта Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата 70 түп балаты көчөтү отургузулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов, мекеме-уюмдун жетекчилери жана жаштар катышты. 

“Кийинки муун бүгүнкү бактылуу жашоонун кадырын барктабай жаткандай туюлат. Улуу Жеңиштин кадыр-баркын ардагер аталарыбыз менен оорукта эмгектенген апаларыбыз абдан жакшы билишет. Анткени алар кымбат жаштык кезин, оттой жанган курагын кан майдан менен тер жыттанган даркан талааларда өткөрүшкөн.

Ардагерлерибиздин согуштук эрдиктерин, тынчтыктагы эмгек издерин түбөлүккө калтыруу, даңазалоо максатында ар бир отургузулган балатыларга согуш ардагерлеринин менчик белгиси калтырылат. Ошондой эле алар басып өткөн жол туурасында баяндамалар жазылмакчы",- деди А.Кадырбаев. 

Белгилүү болгондой, иш-чара Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандырууга карата жарыяланган эки айлыктын алкагында уюштурулду. Бүгүнкү күндө Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 26 ардагери жана оорукта эмгектенген 55 ардагер бар. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: