Шаардык кеңештин депутаты: "Сугат суу жок болгондуктан, бишкектиктер өсүмдүктөрдү иче турган суу менен сугарышууда"




"Бишкектин арыктарында сугат суунун жоктугу шаардыктарды иче турган сууну сарптоого мажбурлап жатат. Борбордук ирригациялык системдер кызматтарын жакшы аткарбай калды",- дейт шаардык кеңештин "Республика" фракциясынан депутаты Гүлнара Молдобаева. Ал мындай оюн Бишкек шаардык кеңешинин бүгүн, 18-марттагы жыйынында билдирди.
Автор: Наргиза Бекжанова
Фото: Наргиза Бекжанова
Бул айтылган сөздөргө мэр Кубанычбек Кулматов тилектеш экенин билдирип: "Шаардыктар азыр арыктарды таштанды таштоочу жай менен алмаштырып алышты. Мунун айынан сугат суу келгенде кээ бир жерде суу ташкындап, калган жерге жетпей калат. Тазалоо иштери жүрүп жатат, бирок адамдардын маданияты жакшырса жакшы болмок",- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.