super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште фракциялык тартипти сактоого багытталган мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди

 
Бүгүн, 18-мартта парламентте "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Демилгечи депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, долбоор фракциялык тартипти сактоого багытталган. "Мыйзам долбоорунун негизги максаты - депутатка фракциядан сырткары депутат же эркин депутат болууга, же фракциядан сырткары бөлөк депутаттык топко биригүүгө тыюу салуу",- деди Алтыбаева.
Парламентте мыйзам долбоорунун айрым нормалары боюнча сын-пикирлер айтылды. "Эркин депутаттар фракциялык депутаттарга караганда курч маселелерди эртерээк көтөрүшөт. Биз аларга өз пикирин айтууга мүмкүнчүлүк беришибиз керек",- дейт депутат Кочкоров. Мындан тышкары долбоор депутаттын депутаттык иликтөөнү демилгелөө укугун жок кылары айтылды. 

Талкуунун жыйынтыгында долбоор экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: