Томск-Ош авиакаттамдары экономикалык абалга байланыштуу май айына чейин убактылуу токтотулду

Томск - Ош авиакаттамдары 5-майга чейин убактылуу токтотулду. Мындай чечимди "Урал авиакаттамдары" авиакомпаниясы экономикалык абалга жана учуучу программаларды ылайыкташтыруу максатында кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
"17-мартта үчүнчү Томск - Ош авиакаттамы пландалган болчу. Бирок кечээ Ошко багытталган авиакаттам алынды. Биздин авиакомпания 5-майга чейин Кыргызстанга болгон учууларды токтотуп туруу чечимин кабыл алды. Ошко учуу үчүн сатылып алынган билеттердин акчалары кайтарылып берилип же башка чаралар сунушталмакчы",- деди авиакомпаниянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Сергей Антонов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.