Орусиядагы жол кырсыгынан 4 кыргыз жараны каза тапты






Орусиядагы жол кырсыгынан 4 кыргыз жараны каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 15-марттан 16-мартка караган түнү Свердлов облусунда болгон. Анда жеңил унаа оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаадагы 4 адам каза таап, бири оор абалда аймактык ооруканага жеткирилген. Унаадагылардын баары кыргыз өлкөсүнүн жарандары болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Бейишин берсин Аллахым,
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.