super.kg logo
  Саясат  

Февралдын аягына карата расмий катталган жумушсуздардын саны 59 миңди түздү

 

Расмий катталган жумушсуздардын саны 2015-жылдын февраль айынын соңунда 59,1 миң адамды түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,2 пайызга өстү. Бул тууралуу 17-мартта Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында орточо эмгек акынын реалдуу азайышы 2015-жылдын январында 2,7 пайызды түздү. Номиналдык туюнтууда орточо айлык эмгек акы 11 689 сом деңгээлинде түзүлдү.

Тышкы соода жүгүртүү 2015-жылдын январында 426,3 миллион АКШ долларын түзүп, 2014-жылдын январына салыштырмалуу 16,4 пайызга азайды. Анын ичинде экспорт 145,6 миллион АКШ долларына (көбөйүү 15,6 пайызга), импорт 280,7 миллион АКШ долларына (төмөндөө 26,9 пайызга) азайды.

Импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн чоңоюп кеткенине байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 2014-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 47,7 пайызга азаюу менен 135,1 миллион АКШ долларын түздү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: