"Ур-токмокко алынып, зордукталган бала өзүнө келип, жакшы болмоюнча ооруканадан чыгарылбайт" дейт дарыгер

"Катуу сабалып, зордукталган 2 жаштагы бала өзүнө келип, жакшы болмоюнча ооруканадан чыкпайт". Мындай маалыматты бүгүн,18-мартта SUPER.KG порталына Шаардык медициналык тез жардамдардын балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков билдирди.
"Учурда бала сырткы таасирлерге реакция кылып жатат, салмак кошуп, кичине толуп калды, бирок абалында олуттуу өзгөрүүлөр жок. Дарыгерлер анын абалын күнү-түнү көзөмөлдөп, ал тиешелүү дарылануудан өтүүдө",- дейт Т.Өмүрбеков.
Дарыгердин айтымында, мындай кордукту көргөн наристе толугу менен айыгып, өзүнө келмейинче ооруканадан чыгарылбайт. Айта кетчү нерсе, баланын абалын көзөмөлдөгөн дарыгерлер жана кайдыгер эмес жарандар жакынкы убакыт аралыгында анын ойногонун көрөбүз деген үмүттө.
Эске салсак, 11-январга караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон. Кийин соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын аныктаган. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары 47 жаштагы жаран жана анын аялы эки айга камакка алынган. Кийин баланын атасы да камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголгон. Ал эми 16-март күнү бул окуя козголгон кылмыш ишинин материалдары Аламүдүн райондук сотко өткөрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/105287/