super.kg logo
  Саясат  

"Биометрикалык маалыматтарын тапшырбагандар шайлоодо добуш бере алышпайт" деди депутат Никитенко

 
Бүгүн, 18-мартта парламент жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.
Талкууда депутат Максат Сабиров биометрикалык маалыматтарын тапшырбагандардын шайлоого катышуу укугу тууралуу суроо берди.
Суроого депутат Наталья Никитенко андай жарандар шайлоодо добуш бере албай турганын айтты. "Тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, бул маселе боюнча мыйзамда эч кандай карама-каршылыктар жок экени аныкталган. Ал эми биометрикалык каттоодон өткөрүү өкмөттүн милдети. Бул милдетти аткарыш үчүн өкмөт чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарына керектүү шарттарды түзүп бериши керек",- деди Никитенко.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: