Эшек окуясынан кийин борбор калаада 200дөн ашык кафе, тамактануучу жайлар текшерилип, алардан эшек эти табылган жок




Ак-Жол айылында үрөйдү учурган, миңдеген адамдын табитин бузган эшек этине байланыштуу окуядан кийин өлкө аймагындагы бардык такмактануучу жайлар текшерилүүдө. "Бүгүнкү күндө борбор калаада 200дөн ашуун кафе, тамактануучу жайлар, эт, колбаса азыктарын чыгаруучу жайлар текшерилди",- деди бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Садырбекова.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Интернеттен алынды
"Тамактануучу жайларды текшерүү иштери бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Азыркы тапта борбор калаада текшерилген кафе, тамактануучу жайлардын саны 200дөн ашты. Бирок бир да тамактануучу жайдан эшектин эти табылган жок. Мындай текшерүү иштери өлкөнүн башка аймактарында жүрүп жатат. Менин билишиме, ал жакта да эшектин эти катталган эмес",- деди Р.Садырбекова.
Айта кетсек, буга чейин Ак-Жол айылында эшек бизнеси менен алектенген “Кайтал” ишканасы жалпысынан 605 эшек союлуп, алардын эттери муздаткычта сакталып турганын билдирген эле. Ал эми Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы саноо иштерин 6-мартта баштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.