Бишкек шаарында уурулукка шектелген жаран кармалды
Бишкек шаарында уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен бир нече жаран кайрылган. Анда белгисиз жаран алардын токтотуп койгон унааларынын айнектерин талкалап, баштыктарын уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 23 жаштагы шаар тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.