super.kg logo

Караколдо өзүнүн жана кайын сиңдисинин кызын уурдаган аял эки айга камакка алынды

 

Караколдо өзүнүн жана кайын сиңдисинин кызын уурдаган аял эки айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Айта кетсек, 11-март күнү саат 19:00 чамасында милиция кызматкерлерине 28 жаштагы Каракол шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал 7 жаштагы кызы сабактан кийин дайынсыз болуп жатканын айткан. Ал эми ошол эле күнү саат 20:00 чамасында 35 жаштагы Кызыл-Суу айылынын тургуну кайрылып, белгисиз адамдар 8 жаштагы кызын уурдап, 10 миң доллар жана 300 миң сом талап кылып жатканын билдирген. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, экинчи арыздануучунун карыздары көп болгону белгилүү болгон. Мындан улам ал шектүү катары суракка алынганда, карыздарын төлөө үчүн ушундай ишке барганын моюнуна алган.

Анын айтымында, ал жасалма мурут чаптап биринчи өз кызын, андан соң кайын сиңдисинин кызын уурдаган. Алардын буту-колун скотч менен байлап, Кызыл-Суу айылындагы эски үйгө камап, өзү шектүү болуп калбайын деп Каракол шаарына кетип калган. Эки кыз муздак тамда бир түн болушкан. Кийинки күнү аларды малчы көрүп калып, милицияга кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.03.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекжан Рыскулов пара алып кармалган социалдык коргоо мекемесинин орун басары Б.Т туралу маалымат бере аласынарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: