"Айчүрөк" соода борборундагы кырсык боюнча окуя иликтенүүдө
Борбор калаадагы "Айчүрөк" соода борборундагы лифттен каза болгон эки жумушчунун өлүмү боюнча окуя иликтенүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, азыркы тапта каргашалуу окуя болгон жерде тиешелүү текшерүү иштерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жүргүзүүдө. Аталган инспекция лифттин шахтасында каза тапкан эки жаран коопсуздук эрежелерин сактаганын же сактабагандыгын аныктоодо. Анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси каралмакчы.
Эске салсак, каза тапкан жарандар "Байсал" аттуу курулуш ишканасында ширеткич болуп иштеп келишкен. Буга чейин каза тапкан Кубаныч Эстебесов жана Алтынбек Алиев жасалма лифтте оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда аны кармап туруучу жабдыгы үзүлүп кеткени айтылган. Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев бул факт боюнча кылмыш иши козголгондугун билдирген.
Айта кетсек, "Айчүрөк" соода борборунда 13-мартта 4 лифтти алмаштыруу боюнча жумуштар башталмак. Аны алмаштырууга келген курулуш компаниясынын жумушчулары кырсыкка кабылышып, мерт болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.