Каракол шаарында Нооруз майрамына карата бир катар иш-чаралар өтөт

Каракол шаарында Нооруз майрамына карата бир катар иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең, 20-мартта саат 19:00дө мэриянын имаратынын алдында "Кадыр түн" деген аталыштагы салтанат өткөрүлмөкчү. 21-Март - Нооруз күнү саат 10:30дан тарта борбордук аянтта майрамдык иш-чаралар башталат. Ал күнү шаардын тургундары жана коноктору үчүн концерт, кол өнөрчүлүк жана тамак-аш көргөзмөлөрү жана спорттук оюндар тартууланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.