super.kg logo

Акыркы суткада өлкөдө 11 өрт кырсыгы катталып, Сузакта аянты 136 чарчы метрди түзгөн сарай күйүп кетти

 
Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылындагы турак жайлардын биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен аянты 40 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган чарба курулушунун чатыры толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо коопсуздук эрежесинин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле Сузак районуна караштуу Ат-Чабар айылында аянты 136 чарчы метр, жыгач устундуу, темир менен жабылган сарайдын чатыры, 50 боо жүгөрү бакалы, 80 боо отун толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: