Данияр Тербишалиев парламенттик шайлоого талапкер болуп чыгарын ырастады



Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев 18-мартта Бишкек гуманитардык университетинин студенттери менен жолугушуп, студенттик курак, жаштардын умтулуусу, кыргыз парламентинин иши тууралуу пикир алышты. Студенттер өлкөнүн экономикасы, билим берүү тармагы тууралуу суроолорду беришип, депутат бул тармакта реформаларды жүргүзүү, айрыкча жогорку окуу жайлардын окутуучуларын социалдык жактан камсыз кылуу, билим берүү деңгээлин жогорулатуу, анын материалдык-техникалык базасын бекемдөө зарылдыгын белгиледи.
Автор: Автандил Добулбеков
Тербишалиев экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдүн жаралышына мамлекеттик башкаруудагы ырааттуу мамиленин начардыгы себеп болуп жатканын кошумчалап, кийинки парламенттик шайлоого талапкер катары катышарын ырастады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

