super.kg logo

Кыргыз жергесинде ак илбирстердин саны 300гө жакын

 
Кыргыз жергесинде ак илбирстердин болжолдуу саны 280-300гө жакын. Ал эми дүйнө жүзү боюнча алардын саны 6 миңди түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-март күнү Ак илбирсти жана анын экотутумун сактоо боюнча глобалдык программанын Башкаруу комитетинин жолугушуусунда программанын катчылыгынын мүчөсү Чыңгыз Көчөров билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта 12 мамлекеттин аймагында ак илбирстердин жашоо ареалынын 23 жери табылып, картага түшүрүлгөн. Алардын бири кыргыз жеринде жана анын аянты 450 миң гектарды түзөт. 
"Биздин өлкө ак илбирстерди сактоо боюнча ишти 2013-жылы баштады. Эки жыл мурда, 23-октябрь күнү Бишкекте ак илбирсти сактоо боюнча дүйнөлүк форум өткөн. Ал эми бүгүн, эртең ошол иштин уландысына арналган глобалдык программанын биринчи жыйыны өтмөкчү",- деди Көчөров.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: