super.kg logo
  Саясат  

Турсунбай Бакир уулу орусиялык басылмалар кыргыз мамлекетинин аброюна шек келтирип жатышканын айтты

 

Жогорку Кеңештин 19-марттагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу орусиялык басылмалар кыргыз мамлекетинин аброюна шек келтирип жатышканын айтып, буга кыргыз тарап тийиштүү чара көрүшү керектигин билдирди. "Орусиянын Эл аралык изилдөөлөр институтунун башчысы "Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрү Борбор Азияда эң алсыз" деп жазып жатат. Биздин күч түзүмдөрүбүз алсыз эмес, экстремизмге, терроризмге каршы тура аларын далилдеген. Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бизде жакшы, коңшу өлкөлөр күчтөрүн өз элине каршы жумшап жатышат. Бизде да аталган институт бар, иликтеп чыгып жооп кайтарышы керек",- деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: