Бишкектиктер Жогорку Кеңештин төрагасынан ишке саат 8:00дө чыгууну талап кылышууда
Бүгүн, 19-мартта парламент жыйынында депутат Ирина Карамушкина бишкектиктердин өтүнүчүн билдирди. Борбор шаардын тургундары Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдон жумушка эртерээк чыгууну өтүнүшүүдө. Төрагага кайрылган депутат: "Жарандар сизден ишке саат 8:00дө чыгууну суранышууда, анткени сиздин кортеж жүргөн жолду ачуу максатында жол-кайгуул кызматкерлери кесилишкен көчөлөрдү тосуп жатышыптыр. Мындан улам унаа тыгындары пайда болуп, окуучулар мектептерге, жарандар жумуштарына кечигип жатышат",- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

