super.kg logo

Ош. Мектеп мугалимдери окуучулар мыйзам бузганда мугалимди эмес, ата-энелерди жазалоону сунушташты

 

Окуучулар кылмыш жасаганда, укук бузуучу кадамдарга барганда жана жол кырсыгына кабылган учурларда мектеп мугалимдерине караганда көбүрөөк ата-энелерге жаза колдонуу керек. Мындай пикирди 18-мартта шаардагы Панфилов атындагы мектепте Ош шаардык прокуратурасынын демилгеси менен өткөрүлгөн   Балдардын укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеште мектеп мугалимдери айтышты.

“Балага тарбияны биринчи ата-эне берет, үйдөн алган тарбиясы менен коомчулукка аралашат. Укук бузуу, кылмыш жасоо кадамдарына барганда окуткан мугалимдерин күнөөлөгөн учурлар көп кездешет. Биз, мугалимдер, балдарга билим берүү менен кошо күчүбүздүн жетишинче тарбиялаганга аракеттенебиз. Бала эң негизги тарбияны ата-энеден алат, терс кадамдарга барган учурларда ата-энесин көбүрөөк жазага тартуу керек. Бир аз эле айып пул төлөп балдарын алып чыгып кетишет. "Жазасы оңой эле экен" деген ой менен өспүрүм курактагы балдар кылмыштуулукка кайра барышы мүмкүн” деген ойду көптөгөн мугалимдер ортого салышты.   

Мындан сырткары үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун, мектептеги рэкетчиликтин алдын алуу жана балдардын укугун коргоо боюнча адистер ойлорун айтып, комплекстүү иш алып барууга макулдашышты. Аталган иш-чарага Ош шаардык прокуратурасынын кызматкерлери, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү, Өспүрүмдөр инспекциясы жана шаардагы бардык мектептин директорлору катышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: