Кыргыз улуттук аскер лицейинин эки тарбиялануучусу мушташып, бири экинчисин бычактап салган
Кечээ, 18-март күнү саат 18:30га жакын Кыргыз улуттук аскер лицейинин окуу ротасында 3-курстун тарбиялануучулары А.Б. жана А.Анын (иликтөө аяктамайынча аттары толук көрсөтүлбөйт) ортосунда чыр чыгып, ал мушташка айланган. Натыйжада тарбиялануучу А.А. А.Бнын көкүрөк жана кабырга тушуна бычак сайган. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда тарбиялануучу А.Б. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна жаткырылды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан бул факты боюнча кызматтык териштирүү башталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Bektur2

19.03.2015. 10:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Манастан чубак кембекен деп эми аскер кызматындагылар баштадыбы бирин бири олтуруп
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.