"Биз макул дей берип, Тажикстан көп жерибизди алып коюптур" дейт Бакир уулу
"Тажикстан кыргыз мамлекетине караштуу көп жерлерди алып коюптур, азыр да алып жатат". Мындай пикирди парламенттин 19-марттагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу билдирип, өкмөт жергиликтүү тургундар менен эсептешпей жатканын айтты.
Автор: Автандил Добулбеков
"Жакында депутаттар Баткенге барып келдик. Биздин өкмөт макул дей берип, көп жерибиз коңшу өлкөнүн карамагына өтүп кетиптир. Ак-Сай айылынын тургундары "Өкмөт бизден сурабай туруп жерлерди берип койду. Эртең алар чек ара тосмолорун коюп алышса, малыбызды айдап өтө албай калабыз" дешүүдө. Бул эмне деген өкмөт? Маматалиев парламентке келип, чек ара боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсүнүн баары жакшы экенин айтууда. Бул маселени карап чыгыш керек",- деди Бакир уулу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

