super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн парламентке "Кумтөрдү" улутташтыруу мыйзам долбоору боюнча өкмөттүн корутундусу берилет

 
Жогорку Кеңешке өкмөт бүгүн, 19-мартта "Кумтөрдүн" мүлкүн улутташтыруу боюнча мыйзам долбооруна расмий корутундусун берет. Бул тууралуу өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди.
Айта кетсек, 26-февралда Жогорку Кеңеш "Кумтөр" боюнча парламенттин буга чейинки токтомдорунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп, талкуунун жыйынтыгында өкмөткө "Кумтөрдүн" үлүшүн 50х50 пайыздан бөлүү шартында биргелешкен ишкана түзүү боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүгө 1 ай мөөнөт берген. Токтомдо "Өкмөт 2015-жылдын 16-мартына чейин "Кумтөрдүн" мүлкүн улутташтыруу боюнча мыйзам долбооруна расмий корутунду берсин жана мыйзамды ишке ашырууга байланыштуу тийиштүү эсептөөлөрдү жүргүзсүн" деген пункт бар болчу. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: