"Банкроттук жөнүндө" мыйзамдын талаптары такталууда
Жогорку Кеңеште 19-мартта “Банкроттук жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Экономика министрлигине таянсак, банкроттук жол-жобосун жүргүзүү тажрыйбасы администраторлордун ишинин ачыктыгынан суроо жаратууда. Алар белгиленген ченемдерди бузуп, банкроттук жол-жобону жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн негизсиз создуктуруп жатышат.
Ошондуктан кредиторлордун кызыкчылыктарын жана укуктарьн коргоо жана администраторлордун ишинин натыйжалуулугун кеңейтүү, тартипти чыңдоо, чыгымдарды кыскартуу жана банкроттук жүрүмдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу чаралары сунушталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

