super.kg logo

Ички иштер министрлигинин академиясында окуган курсанттын өлүмү боюнча комиссия түзүлдү

 

Ички иштер министрлигинин академиясында окуган курсанттын өлүмү боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинен билдиришти.

Айта кетсек, 7-март күнү Ички иштер министрлигинин академиясында 1-курстун студенти өзүн жаман сезгендиктен "Тез жардам" чакыртылган. Бирок жарым саат ичинде "Тез жардам" айтылган жерге келген эмес. Мындан улам бир катар медициналык мекемелерге алып барышканда кабыл албай коюшкан. Курсантка убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн, жандандыруу бөлүмүнө жатып калган. Ал эми 16-мартта ал каза тапкан.

Бул факты боюнча комиссия түзүлдү. Эгерде медицина кызматкерлеринин күнөөсү далилденсе, аларга тиешелүү жазалар берилет”,- деп билдиришти Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: