Ибрагим Жунусов Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн башчысына кыргыз мамлекетинин атынан медаль тапшырды



Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов 17-мартта аталган өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал Нежет Өзел менен жолугушту. Бул тууралуу 19-мартта ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Белгилүү болгондой, жолугушууда элчи генерал Нежет Өзелге КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын атынан "Аскердик эмгеги" үчүн медаль тапшырды. Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

