super.kg logo

Бишкекте эки милиция кызматкерине алдамчылык боюнча кылмыш иши козголду

 

Бишкекте эки милиция кызматкерине алдамчылык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 15-октябрында Октябрь райондук милиция бөлүмүнө 1947-жылы туулган Светлана Дерябина кайрылган. Анда ал Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан батирин өзүн Светлана Дерябина деп тааныштырган аял сатып жибергенин айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анда 2014-жылдын июль айында арыздануучу паспортун жоготуп, аны калыбына келтирүү үчүн Октябрь райондук милиция бөлүмүнүн Эркин жана Урмат аттуу кызматкерлери жардамдашканы белгилүү болгон. Мындан улам бул фактыга эки милиция кызматкери шектелип, аларга "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголгон. 

Ал эми 2015-жылдын 5-февралында Светлана Дерябинанын (батир ээси) кошуналары милицияга кайрылып, бир топ күндөн бери жок экенин билдиришкен. Учурда ага издөө жарыяланып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Сүрөттөгү айымды көрүп-билгендер болсо, төмөнкү номурларга кайрыла алышат: 102, (0 312) 43-71-68, 43-71-75, 48-64-23. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: