Базар-Коргон районундагы мушташ боюнча шектүү катары бир бала кармалды
Базар-Коргон районундагы мушташ боюнча шектүү катары бир бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 5-март күнү саат 20:00 чамасында болгон. Анда Чарбак айылынын жаштары Кызыл-Суу айылынын окуучуларын тосуп алышып коркутушкан. Натыйжада эки ортодо пикир келишпестик чыгып, мушташа кетишкен. Учурда "денеге залал келтирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган Чарбак айылынын тургуну кармалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.