super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев "кыргыз өлкөсү Орусия менен стратегиялык мамилени туруктуу өнүктүрүүгө умтулат" деди

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 19-мартта Орусия президентинин эл аралык маданий кызматташуу боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкойду кабыл алды. Кыргыз Республикасы менен Орусия бардык багыттар боюнча стратегиялык шериктештик жана кызматташтык мамилелерге кызыкдар экенин белгилеген премьер: "Кыргыз мамлекети эки тараптуу мамилелердин маанилүүлүгүн баалайт жана стратегиялык шериктештик мамилени туруктуу өнүктүрүүгө умтулат",- деп билдирди.

Жолугушууда тараптар кыргыз өлкөсү жана Орусиянын маданий-гуманитардык кызматташуусун: билим берүү, илим, маданият жана искусство, маалымат жана жаштар саясаты жаатындагы кызматташууну тереңдетүү маселесин талкуулады. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү маселеси боюнча сөз болгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: