Борбордогу айрым соода объектилеринин ээлери шаарды көрктөндүрүүдөгү эрежелерди бузушууда
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы кезектеги рейдди өткөрдү. Рейддин алкагында 5-кичи районундагы №33-дарегинин жанында жайгашкан нан бышыруучу тандырдын ээлери санитардык нормаларды сактабай, шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузушкандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган аймак антисанитардык абалга жетип, айланасына таштандылар баш аламан ташталган. Ошондой эле тандырды орнотууда уруксат келишими түзүлгөн эмес. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 488-беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















