Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртүүчү мыйзам долбоору 2-окуу режиминде калтырылды
Бүгүн, 19-мартта парламент "КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун 2-окуунун режиминде калтырды. Мындай кадам долбоордо толуктай турган жагдайлардын көп экендигине байланыштуу болду. Долбоор 31-мартта парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинде кайрадан талкууланып, айтылган сунуштарды кошуу жагы каралмакчы. Комитет төрайымы Наталья Никитенко депутаттарды бул маселени талкуулоого активдүү катышууга чакырды.
Автор: Нургазы Аматов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















