super.kg logo

"Көчөттөр жарманкесинде кардар аз" дешет сатуучулар

 
Ийне жалбырактуулар кичинесинен чоңуна чейин сатылууда.
Жарманкеде кардар аз экенин айтышат сатуучулар.
Гүлдөр жарманкеде аз экен, балким, ошондон уламбы, баалар бир аз кымбаттай сезилди. Башкача айтканда, 700 сомго чейин экен.
Арча-глобустун бою бир метрге чейин гана жетет, тегиздөөнүн кереги жок.
Роза көчөттөрү 50-70 сомго чейин сатылууда.
"Сатып алуучулар аз" дейт сатуучу.
Сатуучу Жоомарт Сыдыгалиев
Мөмө бадалдары 100-250 сомго чейин бааланат.
Жүзүм
Чет өлкөлүк коноктор
Көчөттөрдөн тышкары уруктар 20-30 сомго чейин сатылууда.
Көчөттөр топуракка убактылуу отургузулган.
Атайын байытылган топурактын бир мүшөгүнүн баасы 150 сомдон.

Бишкектин Иса Ахунбаев жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде көчөттөрдүн жарманкеси өтүүдө. Иш-чара жыл сайын март айынын башынан майдын аягына чейин өткөрүлөт. Быйыл, тилекке каршы, кардар аз экенин айтышты бүгүн, 19-март күнү сатуучулар. Алардын айтымында, жарманкеден багбанчылыкка керектүү бардык өсүмдүктөрдү, ошондой эле шаймандарды табууга болот.

“Азыр сатып алуучулар көбүнчө розага кызыгышат. Менде чырмалган, жээк, бадал сыяктуу өскөн розалардын түрлөрү бар. Алар 1, 2, 3 жашынан баштап сатууга чыгарылат. Багбанчылыкты абдан жакшы көрөм, гүлдүн ар кайсы түрүн кыйыштырып, сонун бир сорт ойлоп тапканга аракет кылам. Канчалык гүл башкача болсо, ошончолук баасы да кымбат, кызыккандар да көп болот эмеспи”,- дейт Чүй облусунун Көк-Жар айылынын тургуну Гүлнара Майлыбаева.  

Ал арада мөмө-жемиш көчөттөрүн саткан Чүй облусунун Кой-Таш айылынын тургуну, сатуучу Жоомарт Сыдыгалиев өзүнүн алма, алмурут, шабдалы, алча көчөттөрү жөнүндө сөз баштап калды. “Негизи, көчөттөр биздикиндей жарманкеде, базарларда жана өсүмдүктөрдү өстүрүп, багып, таратуучу чарбаларда сатылат. Буларга атайын көңүл бурбаса, 2 саат топурагы жок, күндө туруп калса, соолуп калат. Биздики жерге көмүлүп, сугарылып турат”,- дейт сатуучу.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: