super.kg logo
  Саясат  

Парламент: Ыргал Кадыралиева менен Асылбек Жээнбековдун ортосунда уруш чыкты

 
Жогорку Кеңештин 19-марттагы жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева агасы Канжар Кадыралиевге иш козгоого спикер Асылбек Жээнбековдун катышы болушу мүмкүн деген маалымат айтылганын билдирди. Депутат буларды айтты:
"17-мартта Бишкектеги эскерүү иш-чарасында мурунку башкы прокурор Аида Салянованын агасы менен жолугуп калдым. Ал киши "Аида Салянова саясаттын курмандыгы болду. Ал эми сенин агаңдын айыпталышы жогору жактын буйругу" деди. Башкы прокурордон өткөн кайсы жогорку адам? Салянованын агасы кайра мага телефон чалып "сенин агаңа иш козгоо боюнча Асылбек Шариповичтен сура, ошонун заказы" деп билдирди". 
Ыргал Кадыралиеванын мындай билдирүүсүнөн кийин спикер Асылбек Жээнбеков: "Анан ошо көчөдө айтылганды бул жерде айтып жатасыңбы?! Акылың барбы? Башыңды иштетпейсиңби?! Агасына күйөт имиш..."- деп депутатты абайлап сүйлөөгө чакырды. 
Ыргал Кадыралиева "менин акылым барбы же жокпу, жөн эле айтып жатамбы же жокпу, тактаңыз" деди эле, спикер: "Тактабайм, көчөдөгү айтылгандарды сүйлөй бересиңби? Ойлонбойсуңбу?"- деген жооп кайтарды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: