super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз жана Индия тарап текстиль өнөр жай тармагында кызматташуу меморандумуна кол коюшту

 

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Кыргыз Республикасы менен Индиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун алкагында Индиянын текстиль өнөр жай министри Сантош Кумар Гангвар менен жолугушту. Бул тууралуу 19-мартта ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

К.Турдубаев кыргыз экономикасынын азыркы абалына токтолуп, өнөр жай кыргыз экономикасы үчүн приоритеттүү тармак экенин айтты. Ошондой эле өлкөдө пахтанын 10 пайызы гана кайра иштетилгенин белгилеп, мамлекетке кайра иштетүүчү ишкана керектигин кошумчалады.

Мындан сырткары кыргыз жеринде текстиль технологиялар паркы түзүлүп жатканын белгилеп өттү. 

Өз кезегинде Сантош Кумар Гангвар кыргыз адистери менен иштешүү ниетин билдирип, кыргыз жарандары үчүн Индиядагы Дизайн жана мода институтунда окуу мүмкүнчүлүгүн түзүүгө даяр экенин айтып өттү. Кыргыз жана Индия тарап текстиль өнөр жай тармагында кызматташуу меморандумуна кол коюшту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: