super.kg logo
  Саясат  

КТРКнын башкы директору болуп Илим Карыпбеков шайланды

 
КТРКнын башкы директору болуп Илим Карыпбеков шайланды. Ал Султан Жумагулов кызматтан кеткенден кийин башкы директордун милдетин аткарып келген. 
Илим Карыпбеков 35 жашта. Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин, 2005-2007-жылдары Варшавадагы адам укуктары боюнча жогорку мектепти аяктаган. Учурда Юридикалык академияда, Борбор Азиядагы Америка университетинде, ошондой эле КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында окутуучу. 
"Медиа полиси" коомдук уюмунун негиздөөчүсү. 2009-2010-жылдары президенттин катчылыгында референт, андан соң Коомчулук менен байланыш кызматын жетектеген. 
Кийин "Альфа Телекомдун" тышкы башкаруучусу болгон жана "Де-факто" гезитинин кожоюну, "Манас" аэропортунун Бишкектеги филиалынын директору кызматын аркалаган. КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: