Мамлекеттик органдардын иш натыйжалуулугун баалоо боюнча окуу куралдары чыкты








Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында 18-март күнү "КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын ыңгайлаштыруу системдерин камсыз кылуу" жана "КРнын мамлекеттик органдарынын эффективдүү иш-аракетин баалоо" деген аталыштагы окуу куралдары кыргыз жана орус тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-март күнү аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ачылыш аземге өкмөттүн өкүлдөрү, ЖОЖдун жамааты жана студенттер катышты.
Өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев: «Окуу куралдары 2009-2014-жылдардын мезгилиндеги чогулган практикалык материалдардын негизинде иштелип чыкты. Ал нормативдик укуктук базаларды жана принциптерди жазууну камтыйт, мамлекеттик органдардын туруктуу түзүлгөн системдерин баалоо маселелерине жакындоо жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтардын сапатын камсыз кылуу»,- деди.
Башкаруу академиясынын ректору Алмаз Насыров мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ыңгайлуу өңүттө иштеп чыгуу тармагында өз убагында чыккан окуу куралдары керек экенин баса белгиледи.
"Окуу куралдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга түзмө-түз катышкан мамлекеттик мекеме кызматкерлерине багытталган. Китептин чыгышы студенттер, аспиранттар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн өтө пайдалуу",- деди Насыров.


