Нарын шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата монумент тургузуу пландалууда





Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев жана бир катар мекеме-ишканалардын жетекчилери жаз алды менен иретке келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерди көрүү жана туура эмес курулган курулуштарды аныктоо боюнча калааны кыдырып чыгышты. Алар “Чабандес” скверинде жүрүп жаткан кайра куруу жумуштарына күбө болушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда “Чабандес” скверин Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Алдыда сквердин тосмолорун жаңыртуу, карагай, арча-туя көчөттөрүн отургузуу, түнкү жарыктарды, отургучтарды, таштанды челектерин орнотуу, иретке келтирүү иштерин аткаруу милдеттери турат. А.Кайыпов бул жасалуучу жумуштарды тездетүүнү тапшырды.
Мындан сырткары эс алуучу жайга Жеңиштин 70 жылдык мааракесине арналган монумент тургузуу да пландалууда.


